12.12.20

Тажикстандын Душанбе шаарында 2020-жылдын аягына чейин заманбап автобустар жана троллейбустар шаардын жүргүнчүлөрүн тейлеп баштамакчы. Жогорудагы заманбап транспорттор айлана чөйрөнү коргоо жана энергияны үнөмдөгөн эң акыркы үлгүдөгү технологиялар менен камсыздалган.

Автобустар жана троллейбустарды өткөрүп алуу аземине 11-декабрь күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын соңуна чейин, Душанбе шаарында жалпысынан 36 даана жаңы автобустар каттамга чыкмакчы. Автобусттун узундугу 8 метрди түзүп, бир эле учурда 64 даана жүргүнчүнү ташып жүрүүгө жөндөмдүү. Автобустар Түркия жана Тажикстан биргелешип негиздеген “Akia Avesto Automotive Industry” компаниясы тарабынан өндүрүлгөн.

Транспорттун бул түрүнүн артыкчылыгы ылдам, жеңил, күйүүчү майды аз үнөмдөйт жана айлана чөйрөгө зыян тийгизбеген технология менен жабдылган. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин, Түркия жана Тажикстан биргелешип курган “Akia Avesto Automotive Industry” компаниясы дагы 50 даана автобус өндүрмөкчү.

Мындан тышкары, Душанбе шаарынын көчөлөрүндө 69 даана жаңы алынып келинген троллейбустар маршруттук каттамдарга чыкмакчы. Заманбап троллейбустар электр энергиясын аз колдонот жана өз алдынча 15 километр аралыкка чейин  алган зарядынын кубаты (атайы электр чубалгысы жок) менен жүрө алат.

Азыркы учурда транспорттун бул түрү, Беларусия өлкөсүнөн сатылып алынууда. Келечекте мындай троллейбустун түрүн өлкө ичинде дагы өндүрүү мерчемделүүдө.

https://sng.today/dushanbe/15239-v-stolice-tadzhikistana-pojavjatsja-novye-avtobusy-i-trollejbusy.html