16.02.21

Учурда Тажикстандын аймагында, Өзбекстандын капиталы менен курулган 51 ишкана катталган. Бул тууралуу, Тажикстандын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Сади Кодирзода 16-февраль күнү, өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Аларга, Душанбе шаарында тиричилик техникаларын өндүрүү менен алектенген “Artel Avesto Electronics” компаниясы жана  ошондой эле “Ravon Motors Tajikistan” автоунаа чыгаруучу ишканалары кирет.

Сади Кодирзоданын айтымында, Тажикстандын аймагында Өзбекстандын капиталы менен курулган ишканалар ар түрдүү тармактарда ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт.  Алардын жалпы үлүшү 15 миллион долларды түзөт.

Азыркы учурда, инвестициянын көлөмүн арттыруу үчүн компаниялар чет элдик жана  Өзбекстандык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Өткөн жылдын аягында Өзбекстандын Статистика кызматы, Өзбекстанда 2020-жылдын 1-сентябрына карата, Тажикстандан келген тикелей инвестициялардын  эсебинен курулган 178 даана  ишкана иштеген. Анын ичинен 103 даана ишкана Өзбекстандын ишкерлери менен биргеликте курулган. Ал эми 75 даана ишкана Тажикстандык ишкерлердин  капиталы менен курулгандыгын маалымдады.

2014-2019-жылдар аралыгында, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүсү дээрлик 3,6 эсе жогорулаган. Тагыраак айтканда, 2014-жылы 13 миллион доллар болсо, 2019-жылы 362 миллион долларга жеткен.

https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/economic/20210216/v-tadzhikistane-deistvuet-51-kompaniya-s-uzbekskim-kapitalom