24.01.22

Тажикстандын Статистика агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстан жана Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу соода жүгүртүү өткөн жылдын 11 айында 18,1 миллион долларды түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 эсеге жогорулаган.

Бул тууралуу, Тажикстандын парламентинин кеңешинин кезектеги жыйынында, Тажикстан жана Түркмөнстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы темир жол транспорту тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну талкуулоо учурунда белгилүү болду.

Талкуунун жүрүшүндө, макулдашууну ратификациялоонун негизинде, Тажикстан жана Түркмөнстандын ортосундагы эл аралык транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, экспорт, импорт жана жүктөрдү темир жол аркылуу ташуунун транзиттик деңгээли жогорулай тургандыгы белгиленди.

Келишим ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, транзиттик темир жолдорду жана Түркмөнстандын Каспий деңизи аркылуу өтүүчү “Түркмөнбашы” портун Европа мамлекеттеринин темир жолдоруна чыгуу үчүн пайдаланууга жардам берет.

https://kabar.kg/news/tovarooborot-mezhdu-tadzhikistanom-i-turkmenistanom-vyros-v-2-7-raza/