09.02.22

Тажикстандын Индустрия жана жаңы технологиялар министрлигинин, жеке өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери жана Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) өнөр жайды өнүктүрүү долбоорлорунун өкүлдөрүнөн турган делегациясы Өзбекстанга барды.

Байыртадан бери, Тажикстан менен Өзбекстанда атлас, адрас (жибек жана пахтадан жасалган кездеменин түрлөрү) өндүрүү менен алектенишсе, азыр бул тармактар  ​​ийгиликтүү жанданууда.

Өзбекстандын атлас, адрас чыгарган ишканалары менен таанышуу учурунда, Тажикстандык делегация мүчөлөрү мамлекеттик колдоолор, салык системасы, сатуу рыногу, өндүрүш процесси, кездемелерге оюуларды тандоо жана колдонуу, дизайнерлерди тартуу, даяр продукцияны экспорттоо сыяктуу иш тажрыйбаларына өзгөчө көңүл бурулат.

Тажикстандын делегациясы тыт багын өстүргөн бакчага, сырьёнун жана даяр кездемелердин, дизайнердик кийимдердин көргөзмөсүнө барышты. Тараптар жибек өстүрүү, пилланы кайра иштетүү, жибек кездемелерин өндүрүү жаатында биргелешкен ишканаларды түзүүнү жана дизайнерлердин тажрыйба алмашуусун талкуулашты. Делегациянын сапары 11-февралга чейин созулуп, Ташкент, Маргилан жана Фергана шаарларынын ишканаларын жана цехтерин кыдыруу иштери пландалууда.

 

https://centralasia.media/news:1761599