05.03.22

Стамбул шаарында 100 ашуун компания жана 150 катышуучунун катышуусунда онлайн форматта «Тажикстан-Түркия» туризм форуму болуп өттү. Форумдун жыйынтыгында эки республиканын ишкерлеринин өнөктөштүгү боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу 4-марть күнү, Тажикстандын дипломатиялык бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Форумду Борбор Азия мамлекеттеринин элчилиги, Тажикстандын Туризмди өнүктүрүү комитети жана Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги менен биргеликте уюштурган.

Форумдун жүрүшүндө, «B2B” жана «B2G” форматында жолугушуулар болуп, бир катар Тажикстан жана Түркия компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтерге кол коюлду.

Эки өлкөнүн туризм адистери жана расмий өкүлдөрү, Тажикстан менен Түркиянын уникалдуу жаратылышынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн видеотасмалар жана презентациялар менен бөлүшүштү.

Тажикстандын Анкарадагы элчиси Ашрафжон Гулов, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпаслан менен да жолугушту. Бизнесмендерди туризм тармагына тартуу максатында бизнес-форумдарды байма-бай өткөрүп турууга макулдашышты.

https://centralasia.news/14078-v-stambule-proshel-tadzhiksko-tureckij-turisticheskij-forum.html