30.05.22

Ирандын Тегеран шаарында 30-май күнү, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон  жана Ирандын президенти Сейид Ибрахим Райсинин катышуусунда кызматташуу боюнча 16 жаңы документке кол коюлду.

Эмомали Рахмон жаңы макулдашуулар өлкөлөр  ортосундагы ар түрдүү тармактардагы мамилелерди кеңейте тургандыгын билдирди. Бул тууралуу,  Тажикстандын президентинин  басма сөз кызматы билдирди.

Кызматташуу боюнча документтер өнөр жай, жаңы технологиялар, музей иши, инвестиция, спорт, социалдык коргоо, эл аралык жүк ташуу, айлана-чөйрөнү коргоо, туризм, илим, геодезия сыяктуу тармактарды камтыйт.

Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү 2022-жылдан 2030-жылга чейин, соода-экономикалык тармакта кызматташуунун узак мөөнөттүү программасына дагы кол коюшту. Ошондой эле биргелешкен ишкерлер кеңешин түзүү, “Тажикстан-Иран” инвестициялык комитетин жана биргелешкен Соода-өнөр жай палатасын түзүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Жогорудагы документтердин алкагында, өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнун структурасы өркүндөтүлөт. Тажикстан тарап товарлардын көргөзмөлөрүн жана бизнес форумдарды көбүрөөк өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, Тажикстан Ирандын “Чехбахар” жана “Бандар-Аббас” порттору аркылуу өз товарларын тышкы рынокко ташуу үчүн пайдаланууга кызыкдар экенин билдирди.

https://centralasia.news/15480-tadzhikistan-i-iran-podpisali-16-novyh-dokumentov-o-sotrudnichestve.html