05.12.22

Тажикстандын медицина тармагынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу тобу 28-ноябрдан 2-декабрга чейин, Түркияда иш сапары менен болуп кайтышты.

Сапар учурунда, Түркиялык өнөктөштөрү менен саламаттыкты сактоону каржылоо системасы жана баштапкы медициналык-санитардык жардам берүү тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу “CentralAsia.news” маалымат кызматы билдирди.

Анкара шаарында Тажикстандын делегациясы, Түркиянын калкынын саламаттыгын сактоодо маанилүү орунда турган  саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында, Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гафур Мухсинзода Түркиялык кесиптеши менен өлкөнүн калкынын ден соолугун 2030-жылга чейинки коргоо стратегиясынын алкагында, Тажикстандын саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана реформаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Түркиянын саламаттыкты сактоо системасын реформалоо жаатында, атап айтканда, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жаатында бай тажрыйбасы бар экени белгиленди.

Тараптар көрүшмө учурунда, бул тармакта каржылоонун жаңы механизмдерин киргизүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жалпы саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну күчтөндүрүүнү макулдашышты.

https://centralasia.news/18347-tadzhikistan-i-turcija-ukrepjat-sotrudnichestvo-v-sfere-zdravoohranenija.html