27.11.23

Азербайжан жана Тажикистандын соода мамилелерини бекемдөө тууралуу сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул тууралуу, “Report” маалымат кызматы билдирди.

Бул багытта, Азербайжандын Экспортту жана инвестицияны өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Юсуф Абдуллаев жана Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Жамшед Жумахонзода жолугушуу өткөрүштү. Баку шаарында болуп өткөн көрүшмөдө, өлкөлөрдүн экономикасына мунайга тиешеси жок болгон инвестицияларды тартуу жана аталган агенттиктин ишмердүүлүгүнүн багыттары талкууланды.

Тараптар ошондой эле Борбордук Азиянын экономикасы үчүн арналган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атайын программасынын (СПЕКА)   жумалыгынын алкагында, Азербайжандын атайын демилгеси менен өткөрүлгөн “СПЕКА өлкөлөрүнүн көргөзөсү: туруктуу өнүгүү үчүн аймактык кызматташтык” иш-чарасынын маанилүүлүгү тууралуу пикир алмашуу дагы болуп өттү.

Жолугушууда, биргелешкен ишканалардын, тактап айтканда 2001-жылы Душанбе шаарында ачылган композит түтүктөрүн чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү баса белгиленди. Мындан тышкары, Жумахонзода Азербайжандык компанияларды, Тажикстанда өтүп жаткан көргөзмөлөргө активдүү катышууга чакырды.

https://report.az/ru/biznes/obsuzhdeno-ukreplenie-torgovyh-otnoshenij-mezhdu-azerbajdzhanom-i-tadzhikistanom/