08.01.24

Тажикстан жана Түркия экономика жана каржы тармагында кызматташууну макулдашты. Тиешелүү меморандумга Тажикстандын Каржы министрлиги менен Түркиянын Казына жана каржы министрлигинин ортосунда кол коюлду.

Бул тууралуу, Тажикстандын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Көрүшмө Түркиянын Анкара шаарында, Тажикстандын Каржы министри Файзиддин Каххорзода жана Түркиянын Казына жана каржы министрлигинин башчысы Мехмет Шимшектин жолугушуусунда өттү.

Тараптар реформаларды ишке ашыруу боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин карап, мамлекеттик финансыны башкаруу системасын талкуулашты.

Маалым болгондой жолугушууда эки өлкөнүн ведомство башчылары, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун алкагында, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы маселелерди талдап, мамлекеттик каржы системасын санариптештирүү, накталай эмес төлөмдөр жана мамлекеттик электрондук төлөм системасы, ошондой эле мамлекеттик финансыны башкаруу менен байланышкан маселелерди талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле жумушчу сапарынын алкагында, Тажикстандын Каржы министри Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин президенти Серкан Каялар менен жолугушту.

Учурда Тажикстан жана Түркия өз ара кызматташууну чыңдап жаткандыгы белгилүү. Түркияда өткөн Эл аралык багбанчылык жана жашыл шаарлар көргөзмөсүндө, Тажикстандын павильону уюштурулду.

https://tj.sputniknews.ru/20240105/tajikistan-turkey-soglashenie-ekonomika-finansy-1061173402.html