11.01.24

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту. Көрүшмө учурунда, тараптар бардык тармактарда, өзгөчө экономикада мамилелерди мындан ары да чыңдоо зарылдыгын белгилешти. Бул тууралуу, “МИР 24”  телеканалы билдирди.

Тажикстан жана Түркиянын ортосунда илим, маданият жана туризмди өнүктүрүү дагы бир негизги багыттардын бири болуп эсептелет. Маданият күндөрү эки өлкөнүн ортосунда тез-тезден өткөрүлүп турат. Мындан тышкары, студенттерди алмашуу үчүн билим берүү программаларын түзүү пландаштырылууда.

Түркиянын Тышкы иштери Хакан Фидан: “Жолугушуунун жүрүшүндө, биз бизнес жана соода тармагындагы кызматташууну кеңири талкууладык. Ишкерлер үчүн бул багыттар боюнча жаңы долбоорлорду иштеп чыгууну пландап жатабыз. Жакынкы аралыкта, эки өлкөнүн экономикалык жолугушуусун өткөрүү пландалууда. Тажикстандын президенти белгилегендей, түрк ишкерлеринин өлкөнүн турмушуна катышуусу маанилүү, анткени алар мамлекеттин экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп жатышат жана бул тенденция мындан ары дагы уланат”, - деп белгилеп өттү.

https://finance.rambler.ru/economics/52072884-emomali-rahmon-obsudil-voprosy-sotrudnichestva-s-glavoy-mid-turtsii/