2020-жылдын 14-15-январь күндөрү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев, Түркиянын Малатия шаарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында элчи Кубанычбек Ѳмүралиев, Малатия шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын президенти Огузхан Ата Садыкоглу менен жолугушуп, палатанын мүчѳлѳрүнѳ Кыргызстандагы инвестициялык климат жана мүмкүнчүлүктөр боюнча маалымат берди. Элчи мырза, бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдар), макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине болгон мүчѳлүгү тууралуу айтып берди. Элчи мырза Түркиялык бизнесмендерди, 2020-жылы Кыргызстанда боло турган “кыргыз-түрк” бизнес-форумуна чакырып өттү. Жолугушуунун аягында, түрк ишкерлеринин  кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Андан кийин Кубанычбек Ѳмүралиев Малатия шаарындагы текстиль, көтөрүү жабдууларды чыгарган бир нече компанияларга барды. Ошондой эле, ал Иненю Университетинин алдындагы «Текнокента» (технопарктын) иш-аракеттери менен таанышты.

Малатия провинциясындагы MÜSAİD филиалынын мүчѳлѳрү жана башчысы Мухаррем Пойраз менен болгон жолугушуу өткөрдү. Тараптар кыргыз ишкерлери менен кызматташтыкты түзүү максатында, MÜSAİD уюмунун мүчөсү болгон 25 иш адамдарынан  турган делегациянын элчиликтин жардамы менен Кыргызстанга келе тургандыгы боюнча макулдашышты.

Эскерте кетсек, MÜSİAD - 1990-жылы Стамбулда түзүлгөн Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлердин коому, жарандык уюм болуп эсептелет.

http://kabar.kg/kyr/news/elchi-m-raliev-malatiianyn-sooda-zhana-n-r-zhai-palatasynyn-prezidenti-menen-zholuktu/