05.02.20

Түркиянын өнөр жайы өнүккөн шаарларынын бири болгон Бурсада 2020-жылдын биринчи айында 152 ѳлкѳгѳ 1 миллиард 174 миллион 755 миң доллар көлөмүндө товар  экспорттолгон.

Түркиянын Экспорт ассамблеясынын (TIM) берген маалыматтарына ылайык, экспорт  боюнча Стамбул жана Кожаэли шаарларындан кийинки үчүнчү орунда турган Бурса шаары, январь айында жакшы артыкчылык кѳргѳздү.

“OYAK”, “Renault”, “TOFAŞ”, “Bosch” жана “Karsan” сыяктуу ири фирмалары бар бул шаарда, унаа ѳнѳр жайы сектору алдыңкы орунду ээлейт. Өткөн январь айында, унаа секторунун экспорту 2019-жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 8.07% пайызга кѳптүк кылган. Башкача айтканда 573 миллиондон 619,2 миллион долларга чейин өскөн.

Унаа секторунан кийинки орунда экспорт боюнча, кийим жана кийим тигүү тармагы эсептелет. Бул тармакта январь айында 137 миллион 242 миң долларлык келишимге кол коюлган. Кийим жана кийим тигүү секторунда чет өлкөлөргө товар сатуу 5.39% пайызга ѳскѳн.

Чет өлкөлөргө товар сатуу боюнча үчүн орунда текстиль жана чийки зат азыктарын өндүргөн тармак болуп эсептелет. Анын экспорту ѳткѳн айда 8.67% пайызга жогорулаган.

https://www.aa.com.tr/tr/ekonomi/sanayi-kenti-bursa-2020ye-hizli-basladi/1724732