Түркиянын Сельчук шаарында "36- төө күрөш" фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, салтка айланган саамалык кыш жана жаз мезгилинде, төөлөр агрессивдүү боло баштаган учурда өткөрүлөт.

Фестивалдын биринчи күнүндө төөлөрдү ар кандай кездемерден тигилген жабдуулар менен кооздоп, салтанаттуу парад өткөрүлөт. Экинчи күнү таймаш башталат. Алар менен калыстын ордуна мыкты дрессировщик иш алып барат. Эреже боюнча көлөмү бирдей төөлөр "кармашууга" чыгып, аларга 10-15 мүнөт убакыт берилет. Жыйынтыгында эки төөнүн бири жерге жыгылып же качып кетсе ал жеңилүү ызасын тартат. Сынактын жеңүүчүсүнө байгеге килем берилет.

Төө күрөш Борбор Азиянын көчмөн элинде спорттун бир түрү катары кеңири тараган. Анын эки миң жылдай тарыхы бар деп айтылат.

Автор: Максат Орозумбетов