27.10.22

Түркиялык “Albayrak Group” компаниясы Кыргызстандагы токтоп турган ишканалардын ишмердүүлүгүн калыбына келтирип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу “Коопсуз шаар” жана башка долбоорлорго инвестор боло алат. Бул тууралуу, Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча, Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттиктигинин директору Умбриэль Темиралиев менен аталган компаниянын технологиялык директору Эрдал Налбанттын жолугушуусу учурунда талкууланды. Түркиялык конокторго өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө инвестициялык режим түзүү жана инвесторлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу маалыматтар берилди.

Түркиялык “Albayrak Group” компаниясынын. технологиялык директору Эрдал Налбант компаниянын дүйнөнүн тогуз мамлекетинде ишке ашырып жаткан долбоорлоруна токтолуп, кызматташууга даяр экенин билдирди.

Эскерте кетсек “Albayrak Group” компаниясы өзүнүн ишмердүүлүгүн Түркияда алгачкылардан болуп, таштандыларды иштетүүчү компания катары баштаган. Бүгүнкү күндө, Стамбулдагы катуу таштандыларды ташуу иштерин үзгүлтүксүз ишке ашырып кызмат көрсөтөт. Компания таштандыларды сорттоо, кайра иштетүү жана биротоло жок кылуу боюнча өнүгүп жатат жана бул багытта Кыргызстан менен кызматташууга даяр.

https://kabar.kg/news/turetckaia-kompaniia-mozhet-vozobnovit-rabotu-prostaivaiushchikh-predpriiatii-v-kyrgyzstane/