31.10.22

Түркия жана Түркмөнстан өз ара соода жүгүртүүнү 2,5 эсеге көбөйтүп, аны 5 миллиард долларга жеткирүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу ишемби күнү “ТАСС” маалымат агенттиги Түркиянын Ашхабаддагы элчиси Тоган Оралдын Түркия Республикасынын күнүнө карата жазган макаласына таянуу менен билдирди.

Түркиянын Ашхабаддагы элчиси Тоган Орал: “Түркия Түркмөнстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. Пандемиянын кесепеттерине карабастан, 2021-жылы Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы тышкы сооданын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 41% пайызга өсүп, 2 миллиард доллардан ашты. Биз президенттерибиздин товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү максаттын мүмкүн болушунча тезирээк аткарууга умтулабыз”, - деп белгилейт элчи макаласында. 

Ошентип, эки өлкө 2021-жылга салыштырмалуу өз ара сооданы 2,5 эсеге көбөйтүүнү пландаштырууда. Түркия элчиси курулуш сектору, энергетика, текстиль өнөр жайы, каржы сектору жана башка тармактарда иш алып барган Түркиянын фирмаларынын, Түркмөнстанда бүгүнкү күнгө чейин 50 миллиард долларга бааланган миңден ашуун проектини ишке ашырганын белгиледи.

Эскерте кетсек, Түркмөнстан менен Түркиянын ортосунда 2022-жылдын 8 айында соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 1 миллиард 330 миллион долларга жетти.

https://business.com.tm/ru/post/9366/turkmenistan-ile-turkiye-karsh%C4%B1l%C4%B1kl%C4%B1-ticaret-hacmini-25-kat%C4%B1na-ch%C4%B1karmay%C4%B1-hedefliyor