03.11.22

Түркиянын “Göknur Gıda” компаниясы Казакстандын Жамбыл облусунда интенсивдүү бакчаларды өстүрүү, ошондой эле мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча ири долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу, Казакстандын Жамбыл облусунун акими Нуржан Нуржигитов “Өкмөт бизнес үчүн”  аттуу инвестициялык штабынын жыйынын өткөрүү учурунда билдирди.

Түркиялык инвесторлор аймакта өндүрүлгөн продукцияны Казакстандын рыногуна да, чет өлкөгө да сатууну пландап жатышат. Долбоор 200 миллион доллардан ашык акча каражатына бааланган.

Нуржан Нуржигитов: “Жамбыл облусунун айыл чарба потенциалы абдан жогору. Маселен, облус пияз өндүрүү боюнча республикада алдыңкы орунда турат. Жамбыл облусунун дыйкандары, бул жылы бир миллион тоннадан ашык пияз өндүрүштү. Ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар, анын ичинде кайра иштетүү тармагында дагы”, - деп билдирди.

Эскерте кетсек, “Göknur Gıda” компаниясы 1993-жылы негизделген, Түркиянын эң ири жашылча-жемиш концентраттарын өндүрүүчүсү болуп саналат. Компаниянын Түркияда, Америкада, Европада жана Кытайда 2,500 гектар өз бактары, 5 өндүрүштүк жайы, мөмө-жемиш сактоочу кампалары бар.

https://forbes.kz/process/economy/turetskaya_kompaniya_realizuet_v_jambyilskoy_oblasti_proekt_po_proizvodstvu_i_pererabotke_ovoschey_i_fruktov