14.11.22

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жекшемби күнү Түркмөнстанга декабрь айынын башына пландалган иш сапары учурунда, Азербайжан жана Түркмөнстандын лидерлери менен өз өлкөсүндө газ борборун түзүү маселесин талкуулоону пландап жатканын билдирди.

Бул тууралуу жекшембиде “РИА” Новости маалымат агенттиги билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган буга чейин, Түркияда газ хабын түзүү маселесин деталдуу жана тез арада иштеп чыгууну тапшырышкан. Газ хабынын жардамы  аркылуу, Орусиянын  “Түндүк агымы”  Кара деңиз аймагына жана Түркияны көгүлтүр от менен камсыздай алат. Режеп Тайип Эрдоган ошондой эле Европа Россиянын газын Түркия аркылуу ала алат деп эсептейт.

Түркиянын президенти: «Алдыдагы айдын башында Түркмөнстанга болгон сапарымда мен Азербайжан жана Түркмөнстандын лидерлери менен бул маселени (газ хабынын долбоору боюнча) талкуулоону көздөп жатам. Мен жакшы жыйынтыктар болооруна үмүттөнөм», - деп белгилеп өттү Стамбул шаарында берген брифинг учурунда.

Эскерте кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин “Түндүк агым” газ куурларына жасалган диверсиядан кийин, Түркияда газ хабын уюштурууну сунуштаган болучу. Учурда долбоор талкууланууда.

https://business.com.tm/ru/post/9429/erdo%C4%9Fan-turkmenistan-ve-azerbaycan-devlet-bashkanlar%C4%B1yla-do%C4%9Falgaz-merkezinin-kurulmas%C4%B1n%C4%B1-gorushecek