08.12.22

2022-жылдын декабрь айынын ортосунда, Түркмөнстанда өтө турган үч тараптуу “Түркия-Түркмөнстан-Азербайжан” саммити Борбор Азиядан Европага энергия жеткирүү коридорун түзүү үчүн маанилүү роль ойномокчу. Бул тууралуу, шаршемби күнү Түркиянын президентинин басма сөз катчысы, Ибрагим Калындын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен “Anadolu” агенттиги жазып чыктты.

Ибрахим Калын Түрк дүйнөсүнүн географиясында, дүйнөлүк энергетиканын ресурстарынын маанилүү көлөмү орун алгандыктан, энергетика жана азык-түлүк тартыштыгы учурунда, түрк дүйнөсү менен Борбор Азиянын маанисинин дагы арта тургандыгын белгилеп өттү.

Анын айтымында, түрк тектүү өлкөлөрдүн лидерлеринин демилгелеринин аркасында, акыркы 10-15 жылда энергетикалык инфраструктура негизинен калыптанды.

Түркиянын президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калын:  “Айрыкча “TANAP” газ кууру Азербайжан газын Европага гана эмес, Түркмөнстандын, балким Казакстандын энергетикалык ресурстарын дүйнөлүк рынокко жеткирүүдө да маанилүү жана чечүүчү ролду ойнойт”,-деп билдирди. Түркмөнстанда боло турган үч тараптуу саммит бул процесстин эң маанилүү этаптарынын бири болуп саналат тургандыгын дагы белгилеп өттү.

Үч тараптуу саммит Түркмөнстандын “Аваза” улуттук туристтик аймагында 14-декабрь күнү өткөрүлүүсү белгиленген.

Анын алдында үч өлкөнүн тышкы иштер, транспорт жана энергетика министрлеринин сүйлөшүүлөрү пландалган.

Эскерте кетсек буга чейин, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган саммит учурунда, анын өлкөсү Европага жаратылыш газын жеткирүү үчүн “газ хабын” түзүү маселесин талкуулоону пландап жатканын  билдирген.

https://business.com.tm/ru/post/9539/turkiye-avrupaya-enerji-sevkiyat%C4%B1-avazada-yap%C4%B1lacak-zirvenin-ana-konusu-olacak