07.01.23

Түркмөнстан жана Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын январь айынан ноябрь айына чейин 1 миллиард 860 миллион доллардан ашты.  Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 9,7% пайызга көпттүк кылат.

Бул тууралуу Түркиянын статистикалык мекемесинин (TurkStat) статистикалык маалыматында айтылат.

Ноябрь айында эле эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсү 235 миллион долларды түздү.

Өткөн 2022-жылдын 11 айында, Түркмөнстан Түркияга 865 миллион 120 миң доллардан ашык продукция экспорттогон. Ошол эле мезгилде, Түркмөнстан 1 миллиард доллардан ашык каражатка Түркиядан товар импорттогон.

Ушул эле мезгил ичинде, Түркиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон соодасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30% пайызга өстү. Түркия менен Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ортосундагы сооданын жалпы көлөмү 11,2 миллиард долларын түздү.

https://business.com.tm/ru/post/9678/yanvarnoyabr-tovarooborot-mezhdu-turkmenistanom-i-turciei-prevysil-186-milliarda-dollarov