03.02.23

Азербайжан Түштүк газ коридорун ишке ашыруу идеясын көтөрүп, эл аралык маанидеги бул экономикалык долбоорду ишке ашырып, өзүн ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтө алды.

Бул тууралуу, Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөңмез, Түштүк газ коридорунун консультациялык кеңешинин алкагында өткөрүлгөн министрлердин тогузунчу жыйынында билдирди. Жогорудагы маалыматты “Azertaj” агенттиги билдирди.

Түркиянын Энергетика министр Фатих Дөңмез Түркия менен Азербайжандын кызматташтыгынын аркасында, бүгүнкү күндө Европага газ экспорттолуп жаткандыгын белгилеп келип: “Жашыл энергетика дүйнөдө барган сайын маанилүү болуп баратат жана Азербайжан дагы альтернативдүү энергияны экспорттоо үчүн чоң потенциалга ээ. Каспий деңизинин альтернативдүү булактарын иштетүү жана алардан энергияны экспорттоо абдан маанилүү долбоор. Бул долбоордун ишке ашырылышы менен Түштүк газ коридору жашыл коридорго айланат”, - деп белгилеп өттү.

https://media.az/economy/1067895138/fatih-donmez-blagodarya-sotrudnichestvu-mezhdu-turciey-i-azerbaydzhanom-segodnya-v-evropu-eksportiruetsya-gaz/