01.03.23

Азербайжан жана Түркия соода жүгүртүүсүн 15 миллиард долларга жеткирүү пландашууда.

Бул тууралуу, Түркиянын Азербайжандагы элчиси Жахит Багчи Азербайжанда болуп өткөн агробизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн 2022-жылы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 5,8 миллиард долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 25% пайызга жогорулаган болучу.

Жахит Багчи: “Биз бир катар тармактарда, анын ичинде айыл чарба тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча аракеттерди улантабыз”, - деп белгилеп өттү.

https://report.az/ru/apk/dzhahit-bagchi-tovarooborot-mezhdu-azerbajdzhanom-i-turciej-planiruetsya-dovesti-do-15-mlrd-dollarov/