16.30.23

Түркиянын Анкара шаарында 16-мартта,  Түрк мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезексиз жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Түркия лидери Режеп Тайып Эрдоган иш-чараны ачып жатып, Түркияда быйыл февраль айында болгон кыйратуучу жер титирөөлөрдүн кесепеттерине жыйындын катышуучуларынын көңүлүн бурду.

Ал түрк мамлекеттеринин лидерлерине ушул оор мезгилде, Түркияга көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында уланды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кырсыктын оор кесепеттерин башынан кечирип жаткан түрк боордошторунун кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөрүн баса белгиледи. Кыргызстан мындай оор мезгилде жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча түрк өкмөтүнүн бардык аракеттерин колдоого жана көмөк көрсөтүүгө даяр экенин дагы бир жолу ырастап өттү.

Мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз тарап, Уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Саммитке Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин өлкө лидерлери жана делегация башчылары катышты.

Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында жыйынтыктоочу декларацияга жана башка документтерге кол коюлду.

http://kg.kabar.kg/news/ankara-shaarynda-tmu-sammitinin-kezeksiz-zhyiyny-tt/