19.03.23

Түркия өз аймагында түзүлүп жаткан газ хабы аркылуу  40 миллиард куб метрге жакын газды экспорттоосу мүмкүн.

Бул тууралуу, Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү газ хабы бир жылдын ичинде ишке кириши мүмкүн.

Фатих Дөнмез: “Азыр биздин Кара деңизде өзүбүздүн газыбыз бар. Биз жылына 55-60 миллиард куб метр газ керектейбиз, ошондой эле газ хабынын алкагында, газ кууру аркылуу 100 миллиард куб метр газды өткөрө  алабыз. Эгер жакшы пландаштырсак экспортко 40 миллиард куб метр газды чыгара алабыз”, - деп билдирди.

Министр газ хабынын алкагында, Түркияны транзиттик өлкө катары гана карабоо керектигин кошумчалап келип: “Эл аралык газ соодасынын борбору боло турган өлкө Түркия болот жана аны бир жылдын ичинде ишке ашыруу пландалууда”, - деп сөзүн жыйынтыктады.

https://report.az/ru/energetika/minenergo-turciya-budet-eksportirovat-poryadka-40-mlrd-kubometrov-gaza/