19.03.23

Түркиядагы биринчи атомдук электр станциясы болгон “Аккую” атомдук электр станциясынын ишке кириши, өлкөнүн электр энергиясы менен камсыз болушуна маанилүү салым болот.

Бул тууралуу, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Балыкесир провинциясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Режеп Тайып Эрдоган: “Жакынкы айларда биз “Аккую” атомдук электростанциясын (АЭС) биринчи энергоблогун ишке киргизебиз. Ал эми,  бардык агрегаттардын ишке кириши менен бул станция өлкөбүздү үзгүлтүксүз жана тең салмактуу электр энергиясы менен камсыздоого абдан маанилүү салым кошот”, - деп билдирди.

Ал ошондой эле өлкөдө күндүн энергиясынан көп көлөмдө электр энергиясы өндүрүлүп, шамал электр станциялары боюнча долбоорлор даярдалып жатканын белгиледи.

Ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган: “Гидроэнергетиканы жана атомдук энергетиканы өнүктүрүү “жашыл энергетиканы” ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Биз басып өткөн жол жаратылыш булактарынан электр энергиясын өндүрүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсүнө кирүүгө даяр экенибизди көрсөтүп турат”,-деп кошумчалап өттү.

https://report.az/ru/energetika/erdogan-pervyj-energoblok-aes-akkuyu-budet-vveden-v-ekspluataciyu-v-blizhajshie-mesyacy/