29.03.23

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “TANAP” газ кууру  аркылуу Венгрияга  жаратылыш газын, Азербайжан менен бирге жеткирүүдө ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Бул тууралуу, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада Венгриянын президенти Каталина Новак менен болгон биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.

Эрдоган: “Биз чечкиндүү түрдө максатыбызга бара жатабыз”- деп кошумчалап өттү.

Эскерте кетсек, “TANAP” газ кууру аркылуу, Түркияга коммерциялык газ жеткирүү 2018-жылдын 30-июнунда башталган. Учурда Транс-Анадолу (ТАNАР) жана Транс-Адриатика (TAP) газ куурлары аркылуу Түркия менен Европага 43 миллиард куб метрге жакын газ жеткирилди.

https://report.az/ru/energetika/erdogan-my-gotovy-okazat-podderzhku-azerbajdzhanu-v-voprose-postavok-gaza-po-tanap-v-vengriyu/