12.04.23

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: “Биз Түркия Азербайжан менен биргеликте, Болгарияны жана Түштүк-Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүн энергетикалык ресурстар менен камсыз кылууну өркүндөтүп жатабыз”- деп билдирди.

Бул тууралуу, “Hurriyyet” басылмасы жазып чыкты. Ошондой эле Мевлүт Чавушоглу: “Биз “TANAP” газ куурунун кубаттуулугун жогорулатуу менен дос жана союздаш өлкөлөргө жардам беребиз”, - деп кошумчалап өттү.

Буга чейин, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “TANAP” газ кууру аркылуу, Венгрияга жаратылыш газын жеткирүүгө байланыштуу анын өлкөсү Азербайжан менен биргеликте ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген болучу.

Түркия 2018-жылдын 30-июнь айынан тартып “TANAP” газ кууру аркылуу Европага газ жеткирүүнү баштаган болучу. Учурда Транс-Анадолу  “TANAP”  жана Транс-Адриатика (TAP) газ куурлары аркылуу, Түркия менен Европага 43 миллиард куб метрге жакын газ жеткирилди.

https://report.az/ru/energetika/chavushoglu-sovmestno-s-azerbajdzhanom-my-sposobstvuem-postavkam-energoresursov-v-evropu/