23.01.24

2023-жылы “Түрк мамлекеттери уюмуна” (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү  2022-жылга салыштырмалуу 27,3% пайызга өсүп, 42 миллиард долларга жеткен.

Бул тууралуу, Түркиянын Соода министри Өмер Болат Стамбулда өткөн “Түрк мамлекеттеринин атаандаштык кеңешинин” биринчи жыйынында билдирди.

Өмер Болат “Түрк мамлекеттери уюмуна” (ТМУ) мүчө  өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданы көбөйтүүгө чакырып, бул көрсөткүч ар бир мамлекеттин өз алдынча жалпы экспорттук көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу анчалык деле чоң эмес экенин баса белгиледи.

Түркиянын Соода министри Өмер Болат бүгүнкү күндө “Түрк мамлекеттери уюмуна” (ТМУ) мүчө өлкөлөрүнүн жалпы ички дүң продуктусу (ИДП) 1,5 триллион долларды түзөрүн эске салды. Жаратылыш ресурстарынын байлыгы жана дүйнөдөгү эң маанилүү соода жолу болгон “Орто коридордо” жайгашкандыктан, аталган уюмга мүчө өлкөлөр соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн эбегейсиз зор потенциалга ээ деп кошумчалап өттү.

https://report.az/ru/biznes/strany-otg-uvelichili-vzaimnyj-tovarooborot-na-27/