23.01.24

Анкарада 2024-жылдын 9-февралында, Кыргызстан жана Түркиянын ири бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн бириктирген “Кыргыз-Түрк” бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу, Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында өтө турган форумга 300 ашык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу пландалууда. Аталган иш чарага,    Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров  жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз төрагалык кылышмакчы.

Форумдун негизги максаты, Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлеринин ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, биргелешкен ишканаларды түзүү жана товарлардын  экспортун илгерилетүү болуп саналат.

https://economist.kg/biznes/2024/01/23/v-ankarie-sostoitsia-krupnyi-kyrghyzsko-turietskii-biznies-forum