CA-NEWS - Ашхабадта көз карандысыздык күнүнө карата Туркменистандын экономикалык жетишкендиктеринин көргөзмөсү ачылды деп, мамлекеттик кабар агенттиги билдирет.

Көп пландуу экспозиция, соода-өнөр жай палатасынын көргөзмө борборунда жайгашкан.

Иш-чаранын  негизги себеби улуттук экономиканы диверсификациялоо (түрүн көбөйтүү), импортту алмаштыруучу жана экспорттун көлөмүн артыруу, ошондой эле өндүрүштүн  өнүгүүсүн ылдамдатуу  болуп саналат.

Өнөр-жай министрлигинин бул жылдагы көргөзмөсүндө заманбап, колдонууга ыңгайлуу, узак мөөнөткө чейин жарактуу болууга жөндөмдүү  тиричилик техникалары сунушталган. Мындан тышкары, өнөр жай бирикмелери чыгарган ар түрдүү  маркалардын цементтери, металл жана пластикадан жасалган түтүктөр жана шаардын көчөлөрүн көрктөндүрүү үчүн каражаттар  менен танышууга болот.