03 ноябрь 2018

            Түркмөн мамлекеттик маалымат агенттигинин билдиргени боюнча, 2-ноябрдагы жыйында, өкмөт башчысынын орун басары Мамметхан Чакыев  Түркмөнстан өкүлдөрүнүн Азербайжанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча отчет берди.

            Белгилей кетсек, Азербайжан Президенти Ильхам Алиев менен болгон жолугушууда транзиттик жана транспорттук кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык түркмөн-азербайжан комиссиясын түзүү сунушталды. Ошондой эле Ооганстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Түркия эл аралык транспорттук коридордун (лазурит) маанисин баса белгилешти.

Ошол эле учурда, өткөрүлгөн эки тараптуу жумушчу жолугушууларда эки өлкөнүн транспорт системасынын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана келечеги талкууланды. Мындан тышкары, транзиттик жүктөрдү жана материалдык-техникалык камсыздоо системасын түзүү үчүн биргелешкен иш-аракеттер боюнча сунуштар берилди.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов, Түркмөнстан Европа-Кавказ-Азия (ТРАСЕКА) программасында жигердүү өнөктөш жана катышуучу катары иш-аракет кылууга даяр экендигин баса белгиледи.

Түркмөнстан президенти, Ооганстан, Азербайжан, Грузия жана Түркия өлкөлөрү аркылуу өткөн,  Борбордук жана Түштүк Азия, Каспий деңизин жана Карадеңиз бассейнин камтыган, геоэкономикалык мейкиндикте кызматташтыкты бекемдеген, эл аралык транспорттук жана транзиттик коридору болгон лазуриттин курулушунун маанисин баса белгиледи.

Түркмөн лидери өкмөт башчысынын орун басарына, транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кылдат талдоо жана бардык тиешелүү маселелерди өз убагында чечүүгө, кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн, өкмөттөр аралык Азербайжан-Түркмөнстан комиссиясыны түзүү боюнча чараларды көрүүгө буйрук берди.

http://ca-news.org/news:1479177