Азиялык өнүгүү банкынын директорлор кеңеши, Түркмөнстанга транспорт тармагын колдоо жана өлкөнүн Казахстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан менен электр энергиясы соодасын жакшыртуу максатында 500 млн. доллар өлчөмүндө насыя бере тургандыгын ырастады.

Азиялык өнүгүү банкынын билдирүүсүнө караганда бул долбоор өлкөнүн беш регионунан төртөөнү камтыйт, ишенимдүү улуттук электр тармагын түзүүгө жардам берет. Региондогу Казахстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан менен электр энергия тармагында соода дараметин арттырат. Ошондой эле Афганистанга учурдагы электр энергиясынын экспорттук көлөмүн көбөйтөт.

“Түркмөнстандын  коңшу өкөлөргө экспортко чыгара турган электр энергиясы жок. Бирок, нефти жана газга бай өлкө. Бул региондун энергетикалык коопсуздугу жана Афганистандын энергетикалык жакырчылык маселелерин чечүүдө өзгөчө мааниге ээ”,- деп билдирди, АӨБнын Борбордук жана Батыш Азия департаментинин директору Ашок Бхаргава.

Насыя Түркмөнстандын ар башка региондорунда 110 кВ, 220 кВ жана 500 кВ кубатуулуктагы, жалпы узундугу 1100 км жаңы электр берүү линияларынын курулушуна багытталат. Ошондой эле долбоор жаңы көмөкчордондордун курулушун каржылайт. 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүүлүсү пландалып жаткан долбоордун жалпы суммасы 675 млн. долларды түзөт, анын 175 млн. долларын “Түркменэнерго” берет.

Борбордук Азиядагы салыштырмалуу калкынын саны аз (болжол менен 5,7 млн.) өлкө болгон Түркмөнстан дүйнөдөгү энергетикалык ресурстарга бай өлкөлөрдөн бири. Өлкө жаратылыш газ өндүрүшүндө дүйнөдө 12-орунда жана мунайзат өндүрүү боюнча Азия-Тынч океан аймагында 10-орунда турат. Жаратылыш газынын запасы боюнча Россия, Иран жана Катардан кийин 4-орунда турат.

http://www.ca-portal.ru/article:46401