Россия өлкө башчысынын Туркменистанга болгон расмий иш сапары. CA-NEWS (TM) – 2- октябрда Россия Федерациясынын призиденти Владимир Путин беш жылдык тыныгуудан кийин Туркменистанга барды.

Ашхабад шаарында эки өлкөнүн башчылары ар тараптуу алакаларды талкуулашты, деп билдирет Кремилдин басма сөз кызматы. Тар чөйрөдөгү жолугушууда эки тараптуу эң актуалдуу маселелер талкууланды. Андан соң, консултация делагациянын мүчөлөрүнүн катышуусунда уланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, өлкө башчылары эки тараптуу Россия Федерациясы жана Туркменистан ортолорундагы стратегиялык кызматташтык келишиминге кол коюшту. Мындан тышкары, визиттин алкагында бир нече өкмөттөр жана ведомстволор аралык кызматташтык боюнча документерге кол коюлду. Россия өлкө башчысы Владимир Путин, Гурбангулы Бердымухамедовго Россия Федерациясынын мамлекеттик Александр Невский атындагы орденин ыйгарды. Ал эми өз кезегинде Туркменистан президенти, Владимир Путинге “Кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы” үчүн ордени менен сыйлады. Сапардын акырында, Владимир Путин Ашхабадагы “Элдик эскерүү” мемориалдык комплексинде гүл чамбар коюу салтанатына катышты.