22-фераль күнү Афган Ислам Республикасынын президенти Эшреф Гани расмий визит менен Ашхабадка келди.

Келген конокту, Түркменистан президенти Гурбангулу Бердимухамедовдун официалдуу тосуп алуусу менен башталды. Жолугушуу учурунда тараптар, аймактын коопсуздугу, терроризмге каршы күрөшүүдө биргелешип иш алып баруу маселелери талкуулашты. Өз кезегинде, Түркменистандын президенти, Афганистандын cаясий стабилдүүлүкө, экономикалык, социалдык өнүгүүгө жетүүсү үчүн  энергетика, байланыш,  транспорт тармактарына байланышкан чоң долбоорлорго катышуусу аркылуу  жетише тургандыгын белгиледи. Бул багытта бир жыл мурун, башталган Туркменистан-Афганистан-Пакистан-Индия газ куурунун курулуш иштеринин башталгандыгы, Серхетабат-Тургунди шаарларын байланыштырган  темир жолунун ачылышын белгиледи.  

Жолугушуунун аягында эки өлкөнүн лидерлери бир нече макулдашууларга кол коюушту.

Аларга:

Эки тараптуу бажы операциялары, абадан байланышуу жана эл аралык темир жол байланыш тармактарында кызматташуу.

Түркменистандын электр энергиясын Афганистандын Герат провинциясына экспортто жана нефти газ тармактарында кызматташуу тууралуу меморандуму.

Турменистандын Махтумкули атындагы тил жана адабият институту менен Афганистандын Улуттук архивинин ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу меморандуму жана башка бир нече келишимдерге кол коюулду.

http://kabar.kg/tur/news/afganistan-devlet-ba-kan-turkmenistan-ziyaret-etti/