19-апрелде Стамбул шаарында, Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия өлкөлөрү арасында, энергетикалык кызматташуу боюнча үч тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда Түркиядан энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Фатих Дөнмез, Азербайжандан, энергетика министри Парвиз Шахбазов, Түркмөнстандан мамлекеттик "Туркменэкология" корпорациясынын төрагасы Шахым Абдрахманов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө, өлкөлөр арасындагы энергетика тармагындагы  кызматташтыктын учурдагы абалы жана ал кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги менен байланыштуу талкуулар өткөрүлдү.

Жыйындын катышуучулары белгилегендей Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстан, министрлеринин бүгүнкү жолугушуусунда кабыл алынган бир катар документтер, жалпы регионалдык кызыкчылыктарды коргойт. Ошондой эле,  Ооганстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Түркия транспорттук коридор сыяктуу долбоорлор, Транс-Евразиялык Супер маалымат магистралы жана Улуу Жибек Жолун жандандырылуусуна  үч тараптуу кызматташтык үчүн күчтүү база түзүп берет деп айтылат маалыматта. 

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен декларацияга кол коюулду. Ал декларацияга ылайык, учурдагы энергетика тармагында, энергетикалык натыйжалуулука, жашыл технологиялар, тажрыйба алмашуу, компаниялардын жана мунай жана газ тармагында иштеген илимий-изилдөө борборлорунун ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталган. Мындан тышкары, үч өлкөнүн энергетикалык тармагында, көргөзмөлөрдү, жыйындарды жана семинарларды өткөрүүгө чейин кеңейтүү каралган. Аягында тараптар биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

https://turkmenportal.com/blog/18590/turkmenistan-turciya-i-azerbaidzhan-podpisali-dokument-ob-energeticheskom-sotrudnichestve