15.07.19.

Daily China маалымат агентигинин тараткан билдирүүсүндө, “Борбордук Азия – Кытай” газ кууру ишке берилген 10 жылдын ичинде, ал аркылуу 270 милиард кубометр газ ташылган.

 Газ кууру, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдын аймагы аркылуу өтөт. Азыркы учурда, Борбордук Азиядан Кытайга ташылган табигый газдын жылдык көлөмү  55 миллиард  кубометрге жетет. Мындай көлөмдөгү газ, Кытай мамлекетинин жылдык керектөөсүнүн 15 пайызын түзөт.  «Bloomberg Intelligence» уюмунун билдирүүсүндө, Кытай өлкөсүнүн газга болгон ички керектөөсү  2017-жылы 57 пайызды түзүп келсе, 2020-жылга карата 75 пайызга өсүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле, 2020-жылы газ кууру аркылуу Борбордук Азия жана Россиядан, Кытайга экспортолуучу газдын көлөмү 85 миллиард кубометрге жетмекчи.

Түркмөнстан-Кытай газ кууру, Борбордук Азиядагы көгүлтүр отту экспортоонун негизги аймагы болуп саналат. Азыркы учурда, газ кууру үч бөлүктөн  (A, B жана C) турат. Түркмөнстандын Кытай Элдик Республикасынын 15 провинциясы менен байланыштырып турган газ куурунун узундугу 9 миң километрди түзөт. Ошондой эле дүйнөдөгү эң узун газ кууру болуп эсептелет.

Келечекте, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын аймагы аркылуу өтө турган газ куурунун D бөлүгү бүткөрүлсө, Түркмөнстандын Кытайга сатчу газынын жылдык көлөмү  65 миллиард кубометрге жетмекчи. Түркмөнстан Каспий деңизинин аймагындагы эң ири газдын кайнагына ээ болгон өлкө болуп саналат. Ал,  дүйнөдө  газдын запасы боюнча төртүнчү орунду ээлейт.

https://ca-news.org/news:1556992