09.09.10.

“Түркмөн-кытай биргелешип түзгөн Agzybirlik Tilsimat компаниясы, компьютердин тетиктерин  жана камсыздалган программаларын өлкөнүн ичинде сатыкка чыгарууну көздөөдө”  - деп билдирет Orient басылмасы 9-сентябр күнү тараткан маалыматында.

Белгиленгендей, 2019-жылдын башынан бери, компания баштапкы класста окуган окуучулар үчүн 80 миң даана компютердик техниканы өндүргөн. Компаниянын жетекчилиги өндүргөн техникаларын, бир гана ички базарда  гана эмес башка өлкөлөргө дагы экспортко чыгарууну пландоодо. Ошондой эле, 2019-жылдын аягына чейин ноутбук, планшет,өндүрүүнү да көздөшүүдө.

Берилген маалыматта, ишкана  дүйнөгө белгилүү «Майкрософт» и «Интел» компаниялары менен тыгыз кызматташат. Азыркы учурда, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан мамлекеттери түркмөн компютерлерин сатып алууга даяр экендиктерин билдиришкен.  

“Атаандаштыгы чоң эл аралык базарга чыгып компютер сатууда түркмөн өндүрүүчүлөр үчүн техникаларынын баасынын төмөн болушу аларга артыкчылык берет” – деп билдирет басылма тараткан маалыматта.

https://regnum.ru/news/economy/2712961.html