11.10.19

Салмагы 55 тонна болгон Түркмөн коонунун үчүнчү партиясы Австрия өлкөсүнө жөнөтүүгө даярдалып жатат. Бул тууралуу, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) Түркмөнстандагы мүдүрү Мишер Кейвас айым, «Туркменпортал» сайтына берген маегинде айтып берди.

Мишер Кейвас айым: “Биз «Тер Онум» компаниясы  менен биргеликте, Түркмөнстандан Австрияга коон жеткирүүнү ишке ашырып баштадык. Түркмөн коондору мурдагы совет өлкөлөрүндө таанымал болчу, эми болсо бул азык Европанын базарларына чейин келди. 2019-жылдын 11-сентябрында, биринчи жолу алынып келинген коондор бат эле сатылып кеткен болучу. Андан кийин, дароо эле октябрь айынын башында коондордун экинчи  партиясын жөнөткөнбүз. Азыркы учурда, үчүнчү партиясын жиберүүгө даярданып жаткан учурубуз. Биздин коондор, Европанын базарларында абдан популярдуу болот деп ишенебиз”, – деп билдирди.

Мишер Кейвас айымдын айтымында, Түркмөнстандын коон  өндүрүүчүлөрүнө, чет өлкөлөргө өз товарларын экспорттоону ишке ашырууда көмөк көрсөтүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Коонду экспорттоо USAID уюмунун Атаандаштык, соода жана жумушчу орундарын түзүү (CTJ)  долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. Долбоор аймактык сооданы өнүктүрүүгө, Түркмөнстандын компанияларынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана жаңы жумушчу орундарын түзүүгө багытталган.

Эске сала кетсек, USAID уюмунун Атаандаштык, соода жана жумушчу орундарын түзүү (CTJ) долбоору, Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүү, жашылча-жемишин сатуу, транспорттук-логистикалык жана туризм тармагындагы  новатордук демилгелерге көмөк көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

https://turkmenportal.com/blog/22268/turkmenskie-dyni-pokoryayut-rynki-evropy