23.10.19 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жетектеген делегация, 23-октябрь күнү Японияга болгон иш сапарынын учурунда, эки тараптуу документтерге кол коюу аземине катышты.  

Түрмөнстандын “ТДХ” мамлекеттик маалымат агенттигинин билдиришинче, “Türkmenhimiýa” мамлекеттик концерни жана “Mitsubishi Corporation” (Япония), “Gap İnşaat Yatırım ve Dış Ticaret Anonim Şirketi” (Түркия) компаниялары менен жаңы келишимге кол коюшту. Келишимге ылайык, чет өлкөлүк эки компания Түркмөнстанда аммиак жана карбамид өндүрүү боюнча жаңы заводдун курулушунун долбоорун иштеп чыгышмакчы.

"Türkmengaz" мамлекеттик концерни жана Япониянын эки  “Kawasaki Heavy Industries Ltd”, “Sojitz Corporation” компаниялары менен газды кайра иштетүү аркылуу бензин өндүрүү боюнча, буга чейин иштеп келген заводтун, экинчи комплексин куруу боюнча долбоорун макулдашышты.

Булардан тышкары кол коюлган документтер арасында, “Türkmenhimiýa” мамлекеттик концерни жана “Sojitz Corporation, TTCL Public Company Limited”, “Rönesans Endüstri Tesisleri İnşaat Sanayi ve Ticaret Anonim Şirketi” компаниялары консорциуму ортосунда, Туркменабат химиялык заводунда  концентрацияланган фосфордук жер семирткичтерди өндүргөн цехти куруу келишимине кол коюлду.

Түркмөнстандын Суу чарба боюнча мамлекеттик комитети жана “Itochu Corporation” (Япония) компаниясы ортосунда, жерди казуу иштеринде колдонолуучу техникаларды сатып алуу тууралуу макулдашуу;

Түркмөнстандын Өнөр жай жана коммуникация министрлигине караштуу "Türkmenawtoulaglary” агенттиги менен “Sumitomo Corporation” (Япония) компаниясы, автотранспорт жабдыктарын сатып алуу жаатында кызматташуу;

 Түркмөнстандын тышкы иштер Министрлиги менен Япониянын Экономика соода жана өнөр жай министрлиги ортосунда, инфраструктура  жаатында кызматташуу боюнча макулдашууга колдор коюлду.

http://kant.kg/2019-10-25/turkmenistan-i-yaponiya-podpisali-ryad-dvustoronnih-dokumentov/