14.11.19

Мамлекеттик “Туркменхимия” ишканасына тиешелүү “Гарабогазкарбамид” заводу, 2019-жылдын башынан бери өндүргөн жер семирткичтеринин үчтөн экисин, тагыраагы 261 миң тоннасын чет өлкөлөргө сатыкка чыгаргандыгын, “Түркмөнстан: алтын кылым” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Берилген маалыматта, дүйнөлүк базарларда Түркмөнстанда өндүрүлгөн карбамид жер семирткичтери жогорку деңгээлде баалана тургандыгы айтылат. Жер семирткичтерди Болгария, Түркия, Румыния, Испания жана башка өлкөлөрдүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү сатып алышууда.

2018-жылдын сентябрь айында, Балкан облусунун аймагында  “Гарабогазкарбамид” заводунун ишке берилиши, өлкөнүн химиялык өндүрүш тармагынын өнүгүшүнө чоң салым болду. Ал толугу менен автоматташтырылган заманбап завод болуп эсептелет. Завод даниялык, италиялык, голландиялык жана америкалык технологиялар менен жабдылган.

Заводдо өндүрүлгөн  продукцияны, болжогон жерге ылдам  жөнөтүү  үчүн жакшы мүмкүнчүлүк бар. Себеби, завод деңиздин жээгинде жайгашкандыктан түз эле кемелерге жүктөлүп керектөөчүлөргө арзан баада жеткирилет. Завод жылына 1 миллион 155 миң тонна карбамид жер семирткичин өндүрө алат.

http://kant.kg/2019-11-14/turkmenistan-naladil-eksport-udobrenij-v-strany-evropy/