15.11.19

 

 Ашхабад шаарында бүгүн 15-ноябрь күнү, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) тарабынан суу ресурстарына байланышкан семинар болуп өттү. Бул тууралуу ЕККУнун маалымат борбору билдирген.

 Иш чарада, алдыңкы тажрыйба жана суу ресурстарын башкаруу үчүн инновациялык технологияларды пайдалануу стандарттары боюнча жаңы маалыматтар берилди. Семинарга, Түркмөнстандын Мамлекеттик суу чарба комитетинин, Айыл чарба жана курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин өкүлдөрү, Эл аралык Арал деңизин сактоо фондунун (МФСА) аткаруу комитетинин өкүлдөрү жана Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан дагы катышуучулар келишкен.  Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келишкен өкүлдөр, сууга байланышкан улуттук стратегияны иштеп чыгуу, инновациалык технологияларды жана суу ресурстарын башкаруу боюнча долбоорлорду иш жүзүнө ашыруудагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Ашхабад шаарында жайгашкан, ЕККУнун борборунун башчысы Наталья Дрозд: “Биздин пикирибизде, азыркы өткөрүлүп жаткан семинар, баардык Бордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда тайжырба алмашуу жана суу ресуртарын башкарууга арналган  жаңы инновациалык технологияларды иштеп чыгуу жана бул багытта жасалып жаткан эл аралык практика менен таанышууга мүмкүндүк берет”- деп билдирди.

Семинардын жүрүшүндө, эксперттердин катышуусу менен Борбор Азияда суу ресурстарын башкаруу жана жаңы технологиялык табылгаларды,  иш жүзүндө колдонуу жаатында  дискуссиялар жана маалымат алмашуу болду.

 

https://turkmenportal.com/blog/23114/obse-organizovala-v-ashhabade-seminar-po-upravleniyu-vodnymiresursami?utm_source=yxnews&utm_medium=desktop&utm_referrer=https%3A%2F%2Fyandex.ru%2Fnews