21.11.19

Түрмөнстандын  “Батлы гадам” аттуу текстиль ишканасы, европанын стандарттарына туура келген, байпак өндүрүүчү эң ири фабрика болуп эсептелет.

“Батлы гадам” фабрикасы, Түркмөнстандын ата мекендик текстиль өнөр жайындагы жаш ишкана болуп эсептелет. Азыркы убакта, “Батлы гадам” фабрикасы, дүйнөлүк базарда ийгиликтүү кадамдарды жасап жаткан учуру.

Балкан веляетине караштуу Балканабат шаарында жайгашкан, жаңы фабриканын кубаттуулугу, жылына 6 миң тонна жип жана 18 миллион түгөй байпак чыгарууга жөндөмдүү. Ошол эле учурда, өндүрүлгөн жиптин 90% пайызы экспорттолот, ал эми калган 10% пайызы байпак өндүрүшүндө колдонулат.

Бүгүнкү күндө фабрикада өндүрүлгөн жип Россия, Беларусия, Түркия, Иранга өлкөлөрүнө жөнөтүлөт. Россияда, Азербайжанда, Казакстанда жана кошуна Иранда 100% пайызга  экологиялык жактан таза жиптен  жасалган кийимдер жогору бааланат.

Эскерте кетсек, Түркмөнстан даяр чийки заттарды сатуучу өлкөлөрдүн катарынан чыгып, анын ордуна продукцияны кайра иштетип ири дүйнөлүк өндүрүшчүгө айланууга өзгөчө маани берет. Текстиль тармагы жаш жана перспективдүү болуп саналат.  Анын экспорттук мүмкүнчүлүктөр дагы жогору. Мамлекеттен тышкары, жеке бизнес өкүлдөрү дагы бул тармактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда.

https://centralasia.news/5585-turkmenskoe-chastnoe-tekstilnoe-predprijatie-rasshirjaet-vypusk-produkcii.html