24.01.20

24-январь күнү Ашгабад шаарында, Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан электр чубалгысын куруу боюнча келишимге кол коюу иш чарасы болуп өттү. Келишим  Түркмөнстандын Энергетика минстирлиги жана  Түркиялык “TAPP-500 Power Transmission Line FZE” (Түркиялык “Çalyk Holding A.Ş” компаниясына караштуу)  компаниясынын ортосунда түзүлдү.

 “Turkmenportal” маалымат агенттиги берген маалыматта, бул жолугушуу Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун көрсөтмөсүнүн негизинде ишке ашкан. Негизги максат, биргелешип 220 kW кубаттуулуктагы электр чубалгыларын куруу болуп эсептелет. Президенттин указынын негизинде, Түркмөнстандын Марий ГЭСинен  Афганистандын Герат шаарына чейинки аралыктагы электр линиясын куруу болуп саналат.

2018-жылы Түркмөнстандын Энергетика министирлигинин жана Түркиялык “Çalyk Holding A.Ş” компаниясынын ортосунда бул багытта бири бирине жардам берүү боюнча меморандумга кол коюлган болучу.

Эскерте кетсек, Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан (ТАП) электр линияларын  куруу боюнча 2018-жылдын февраль айында үч өлкөнүн ортосунда кол коюлган болучу. Келечекте курула турган электр линиялары, Пакистанга жана Афганистандын аймагы аркылуу Түштүк Азия өлкөлөрүнө электр энергиясын экспортоого мүмкүндүк бермекчи.

https://turkmenportal.com/blog/24599/turkmenistan-podpisal-s-tureckoi-kompaniei-soglashenie-o-stroitelstve-lep-dlya-postavok-elektroenergii-v-afganistan