01.02.20

Түркмөнстандын «Türkmengaz» мамлекеттик концерни Малайзиялык «Serba Dinamik Sdn.Bhd» компаниясынан газ куурунун курулушу үчүн ар түрдүү керектүү  шаймандарды сатып алмакчы.

Алынып келинген шаймандарды монтаждоо жана башкаруу системаларын куруу иштерин дагы Малайзиялык компания өзү иш жүзүнө ашырып бермекчи. Келишимди тастыктаган токтомго, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койду.  

Келишимде көргөзүлгөндөй баардык курулуш иштери 2022-жылдын декабрь айында бүткөрүлүп ишке берилиши керек. 

Мамлекет башчысы кол койгон токтомдо: “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия, ТАПИ газ кууру долбоорунун  Түркмөнстандын аймагы аркылуу өтүүчү бөлүгүнүн куруу иштерин ийгиликтүү ишке ашыруу максатында” –деп белгиленет.

Эскерте кетсек, ТАПИ газ куурунун Түркмөнстандын аймагы аркылуу өтүүчү (205 километр) бөлүгүнүн курулушу 2015-жылдын декабрь айында башталган болучу. Андан кийин, газ куурунун уландысы, Афганистандын Герат жана Кандагар (816 километр) шаарлары аркылуу өтүп, Пакистанга (819 километр) жана  Индиянын Фазилка аттуу калктуу конушуна чейин жеткирилмекчи. План боюнча  ТАПИ газ кууру бүткөрүлсө, жылына 33 миллиард кубометр газ өткөрүүгө жөндөмдүү болот.

https://turkmenportal.com/blog/24803/turkmengaz-zakupit-v-malaizii-oborudovanie-dlya-gazoprovoda-tapi