06.02.20

Ашгабад шаарында, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуу учурунда, Россиялык “Лукойл” мунай компаниясынын башчысы Вагит Аликперов: “Ири мунай запастары бар Түркмөнстанда “Лукойл” компаниясынын стратегиялык кызыкчылыктары бар", - деп билдирди.

Вагит Аликперовдун айтымында, Түркмөнстанда мунай жана газ кендерин өндүрүүчү инфраструктураны куруу үчүн ыңгайлуу инвестициялык климат жана тиешелүү укуктук база түзүлгөн. Ошондуктан, ал жетектеген компания бул тармактарда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгилеп өттү.

Түркмөнстандын президенти Россиялык өнөктөштөрдүн демилгесин колдоорун билдирип, берилген сунуштарды “Туркменнефть” жана "Туркменгаз" мамлекеттик концерндери менен биргеликте карап чыгуу сунушун айтты.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өз кезегинде, Түркмөнстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен  ар дайым ачык жана продуктивдүү кызматташууга даяр экендигин, Түркмөнстан жана Россиянын достук мамилелери конструктивдүү мүнөзгө ээ экенин белгилеп кетти.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы жана анын коногу Түркмөнстан менен "Лукойл" компаниясынын узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

 

https://centralasia.media/news:1595020