02.05.20

Түркмөнстандын цемент заводдорунда жаңы цементтин жаңы маркадагы түрү өндүрүлө баштады. Бул тууралуу, өкмөттүн жыйынында, курулуш тармагы боюнча вице-премьер-министр  Шамухаммет Дурдылыев билдирди.

Вице-премьер-министрдин айтымында, курулуш материалдарын өндүрүүнү жана продукциянын түрлөрүн көбөйтүү максатында, Өнөр жай жана курулуш министрлиги жана Түркмөнстандын Илимдер академиясынын Химия институту менен биргеликте цемент өндүрүүдө активдүү минералдык кошулмаларды колдонууну ишке ашырышкан.

Анын жыйынтыгында, “400-G20-K” маркасындагы портланд цементти өндүрүлүп жатат. Мындан тышкары, “500-G20-K” маркасындагы цементтин өндүрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Ал үчүн зарыл активдүү минералдык кошулма болгон базальт порфириттери колдонулмакчы. Базальт порфириттери, физикалык жана химиялык касиеттеринен улам, бул минералдар цементтин сапатын жакшыртат. Жогоруда көрсөтүлгөн кошулмаларды кошуу менен ар түрүү жогорку сапаттагы цементтин өндүрүшүн 20 пайызга чейин жогорулатат деп маалымдайт, Түркмөнстандын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги.

https://turkmenportal.com/blog/27231/novaya-produkciya-stala-vypuskatsya-na-cementnyh-zavodah-v-turkmenistane