02.06.20

Түркмөнстан жана бир катар өлкөлөр,  Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу (БУУ) Дүйнөлүк туризм уюму (ДТУ) менен биргеликте коронавирус илдети менен күрөшүүнүн ыкмаларын талкуулап чыгышты.

 “Тренд” маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, 2020-жылдын 1-июнь күнү,  видео-конференция түрүндө жогорку деңгээлдеги “Калыбына келтирүүгө карай жол” аттуу жыйын болуп өткөн. Иш-чара, Дүйнөлүк туризм уюму (ДТУ) тарабынан уюштурулган болучу.

Жыйынга Дүйнөлүк туризм уюмунун (ДТУ)  Башкы катчысы Зураб Пололикашвили, ошондой эле Азербайжан, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия Федерациясы, Тажикстан жана Өзбекстандын туризм тармагынын  башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана Түркмөнстандан өкүл катары, Маданият министри Атагелди Шамурадов катышкан.

Көрүшмөдө коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө мүмкүн болуучу ар кандай ыкмаларын иштеп чыгуу кеңири талкууга алынды. Мындан тышкары, туристтик иш-аракеттерди жандандыруу боюнча биргелешкен иштерди уюштуруу жолугушуунун негизги талкууларынан болду. Талкуу учурунда, туризм тармагын колдоо ошондой эле коронавирус илдетинин социалдык-экономикалык кесепеттерин жеңилдетүү чаралары боюнча пикир алмашуулар болду. Катышуучулар Дүйнөлүк туризм уюму (ДТУ)  тарабынан иштелип чыккан сунуштары менен таанышып чыгышты.

http://kabar.kg/news/turkmenistan-i-vto-rassmotreli-metody-bor-by-s-covid-19/