10.07.20

Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Россияда чыгарылган коронавирус  илдетине каршы дарыларды сатып алууну көздөп жатат. Сатып алууга уруксат берген тиешелүү токтомго 8-июль күнү президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон. Бул тууралуу, “Central Asia.news”  маалымат агенттиги жазып чыкты.

Дарылар керектүү көлөмдө сатылып алынат деп белгиленген маалыматта. Дары-дармектерди сатып алуу Россия Федерациясынын фармацевтикалык  компаниялары менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылат.

Учурда Россияда коронавирус инфекциясына каршы дарынын эки түрү жактырылган. Аларга  «Арепливир» («Р-ФАРМ» компаниясы) жана «Коронавир» («Промомед» холдинги) дарылары кирет. Бул дары-дармектер Японияда өндүрүлгөн вируска каршы «Фавипиравир» препаратынын негизинде жасалган.

Эскерте кетсек, Түркмөнстанда коронавирус инфекциянын бир дагы учуру катталган эмес.

https://centralasia.news/7019-turkmenistan-zakupit-rossijskie-antivirusnye-preparaty.html