02.09.20

2020-жылдын алгачкы 7 айында, Түркмөнстандын  мамлекеттик «Туркменнебит» ишканасы 2 миллион 290 миң тонна нефти жана 1 миллиард 157 миллион кубометр табигый газын казып алууга жетишкен. Мурда пландалган көрсөткүч 106,7% пайызга аткарылган. Бул тууралуу, “Небит-Газ” басылмасы жазып чыкты.

«Туркменнебит» ишканасы Россияда жана Кытайда жасалган акыркы үлгүдөгү техникалар жана жогору  квалификациялуу адистер менен камсыздалган. Акыркы үлгүдөгү жерди казып, нефти өндүрүүчү техникалар татаал  климаттык шарттарда дагы  иштегенге жөндөмдүү. Мисалы, алар 7000 метр тереңдикке чейин скважина казып, нефтини арбын өндүрүүгө жакшы шарт түзүп берет.

Жети айдын ичинде, нефти жана газ өндүрүүдөн тышкары  «Туркменнебит» ишканасы, жаңы 10 даана нефти  өндүрүүчү  кудуктарын   казып даярдашкандыгы тууралуу дагы маалымдалат.

https://turkmenportal.com/blog/30042/predpriyatiya-gk-turkmennebit-perevypolnili-plan-po-dobyche-resursov