01.09.20

Афганистандын Кабул шаарында 31 август күнү, Түркмөнстан жана Афганистандын ортосунда “Жер участокторун бөлүп берүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна”  кол коюу аземи болуп өттү. (Афганстандын аймагы аркылуу өтүүчү “ТАПИ” газ куурунун курулушуна жер участагын бөлүп берүү боюнча) Бул тууралуу “Centralasia.news” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Бул иш чарага Афганистан тарабынын өкүлү катары,  Афганистан Ислам Республикасынын Шаарларды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү министри    М.Карзай жана Түркмөнстандан “TAPI Pipeline Company Limited” компаниясынын башкы аткаруучу мүдүрү Мухамметмырат Аманов катышты.

2020-жылдын  29 май күнү Түркмөнстандын өкмөтүнүн жыйынында “ТАПИ” газ кууру долбоорунун курулушу боюнча маселе талкууланган болучу. Чогулуш учурунда,  Вице-премьер-министр Мыратгелди Мередов газ куурунун курулушунун баардык объектилери, керектүү болгон курулуш материалдары  менен жабдылгандыгын билдирген болучу.

Белгилей кетчү нерсе, “ТАПИ” газ кууру Афганистандын  Герат, Фарах, Гельманд жана Кандагар облустарынын аймагы  аркылуу өтмөкчү.

Эскерте кетсек, ТАПИ газ куурунун жалпы узундугу 1,814 километри түзөт. Түркмөнстандын аймагында 214 километр, Афганистан 773 километр, Пакистан  827 километр узудугу туура келет. Жылына 33 миллиард кубо метр газ өткөрүп турууга жөндөмдүү болот.

https://centralasia.news/7419-turkmenistan-i-afganistan-podpisali-soglashenie-po-proektu-tapi.html