20.09.20

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Пакистандын президенти Ариф Алви менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, жакынкы убактарда Пакистандын аймагында “ТАПИ” газ куурунун курулушу баштала тургандыгына ишенээрин билдирди. Бул тууралуу, Түркмөнстандын мамлекеттик “Interfax”  кабар агенттиги жазып чыкты.

“Interfax”  маалымат агенттигинин берген маалыматы боюнча, эки өлкөнүн президенттери Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия (ТАПИ) долбоору, мамлекеттер ортосундагы энергетика тармагында стратегиялык негиз болуп саналат.

Гурбангулы Бердымухамедов белгилеп өткөндөй, бүгүнкү күндө “ТАПИ” газ куурунун Түркмөнстандын аймагындагы курулуш иштери аягына чыгуунун алдында турат.

Ушул жылдын август айынын аягында, Түркмөнстан жана Афганистан ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюлган. Меморандумда Афганистандын аймагы аркылуу өтүүчү “ТАПИ” газ кууруна жер участогун бөлүп берүү каралган болучу.

Меморандумга кол коюу аземинде, “TAPI Pipeline Company Ltd.” корпорациясынын аткаруучу мүдүрү Мухамметмурат Аманов Афганистан тарап курулуш үчүн бөлүп берген жер тилкелерин, закондуу түрдө каттоого алгандан кийин, бул өлкөнүн аймагында курулуш иштери баштала тургандыгын билдирген. Анын айтымында, “ТАПИ” газ куурунун курулуш иштери эки жарым жылдан кийин толугу менен аягына чыгарылып газды экспорттоо иштери башталмакчы.

https://www.ritmeurasia.org/news--2020-09-20--prezidenty-turkmenistana-i-pakistana-obsudili-dalnejshie-plany-po-stroitelstvu-gazoprovoda-tapi-50982